1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 дня назад

20

"БОЛОЧОК МУГАЛИМДИН КЕСИПТИК ПСИХОЛОГИЯЛЫК АДАПТАЦИЯСЫ ЖАНА ПЕДАГОГИКАЛЫК ИШМЕРДҮҮЛҮКТҮН НЕГИЗДЕРИ"

"БОЛОЧОК МУГАЛИМДИН КЕСИПТИК ПСИХОЛОГИЯЛЫК АДАПТАЦИЯСЫ ЖАНА ПЕДАГОГИКАЛЫК ИШМЕРДҮҮЛҮКТҮН НЕГИЗДЕРИ"

​Э. Уметов атындагы педагогикалык институттун ТИББ кафедрасында 550100 – Табигый-илимий билим берүү багытынын Биология жана Химия профилдери боюнча ТИББ(Б)-1-24 жана ТИББ(Х)-1-24 тайпаларынын студенттери үчүн адаптациялык -педагогикалык практикага жөнөтүү конференциясы болуп өттү.

​Окуу графигине ылайык, практика 2026-жылдын 6-апрелинен 18-апрелине чейин эки жумалык мөөнөттө өткөрүлөт. Конференцияга карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси Нурия Султановна, п.и.к., доцент Г. Рыскулова, кафедра башчысы, а.ч.и.к., доцент Бурулай Жолболдуевна жана практика жетекчилери, студенттер катышты.

​Адаптациялык-педагогикалык практика — бул студенттин мектеп чөйрөсүнө алгачкы кадам таштоосу жана болочок кесибине психологиялык даярдыгын текшерүү этабы.

а.ч.и.к., доцент Бурулай Жолболдуевна студенттергк практиканын максаты жана милдеттери боюнча токтолуп өттү.

​Негизги максаты:

-студенттерди заманбап мектептин билим берүү чөйрөсү, окуу-тарбия процессинин түзүлүшү менен тааныштыруу жана мугалимдин кесиптик образын калыптандыруу.

​Негизги милдеттери:

​ -мектептин ченемдик-укуктук документтери жана техникалык коопсуздук эрежелери менен таанышуу;

​ -окуучулардын курактык жана психологиялык өзгөчөлүктөрүнө байкоо жүргүзүү;

​ -биология жана химия мугалимдеринин иш тажрыйбасын, сабак берүү усулдарын изилдөө;

​ -педагогикалык этиканы жана кесиптик жоопкерчиликти өздөштүрүүнү;

​ -оуучулар менен иштөөдөгү психологиялык мамилелер боюнча кеңири маалымат берди.

​Конференциянын жүрүшүндө п.и.к., доцент Г. Рыскулова практиканттарга окуучулар менен конструктивдүү байланыш түзүү боюнча төмөнкүдөй методикалык сунуштарды берди:

​ -окуучунун инсандыгын сыйлоо, сабырдуулук жана эмоцияны башкарууну;

​ -класстагы лидерлерди, активдүү жана пассивдүү окуучуларды аныктоо аркылуу дифференциалдык мамиле кылууну;

​ -окуучулар менен тил табышууда "коопсуз чөйрө" түзүү, алардын кызыгуусун арттыруу үчүн вербалдык жана вербалдык эмес (жаңсоо, мимика) каражаттарды туура колдонууну;

-класстагы мүмкүн болгон чыңалууларды байкап, аларды педагогикалык адептин алкагында чечүү жолдорун үйрөнүү боюнча сунуштарды айтты.

Практика боюнча жооптуу адис А.Болотбеков

​адаптациялык-педагогикалык практиканын эки жумалык мөөнөтүндө студенттер төмөнкү иш-аракеттерди ирети менен аткарууну:

​ -мектептин администрациясы, педагогикалык жамаат жана материалдык-техникалык база (химиялык/биологиялык лабораториялар) менен таанышуу;

​ -күн сайын 3-4 сабакка катышуу. Студент сабактын мазмунуна эмес, көбүнчө мугалимдин окуучулар менен болгон байланышына, классты башкаруу ыкмасына байкоо жүргүзүп, аны күндөлүккө түшүрүүнү;

​ -психологиялык-педагогикалык мүнөздөмө: -бир классты же бир окуучуну тандап алып, анын жүрүм-турумуна, окууга болгон мамилесине психологиялык анализ жасоо;

​ -класс жетекчилерге тарбиялык сааттарды өтүүгө көмөктөшүү жана мектеп ичиндеги коомдук иштерге катышууну белгилеп өттү.

​Конференцияны жыйынтыктап жатып

​кафедра башчысы Бурулай Жолболдуевна студенттерге техникалык коопсуздуктун маанилүүлүгүн жана ар бир практикант кафедранын гана эмес, институттун жүзү экенин белгилеп, жоопкерчиликтүү болууга чакырды. Нурия Султановна документтерди (күндөлүк, отчёт, мүнөздөмө) толтуруунун тактыгы жана мөөнөттөрү боюнча нускама берип, жол карта боюнча маалымат берди.