1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 дня назад

18

"Педагогикалык ишмердүүлүктүн пайдубалы жана заманбап чакырыктар"

Э. Уметов атындагы педагогикалык институттун Табигый-илимий билим берүү кафедрасында 550100 – "Табигый-илимий билим берүү" багытынын Биология жана География профилдери боюнча билим алып жаткан Б-1-23 жана Г-1-23 тайпаларынын студенттери үчүн кесиптик-базалык практикага жөнөтүү конференциясы болуп өттү.

​Окуу процессинин графигине ылайык, практика 2026-жылдын 6-апрелинен 24-апрелине чейин үч жумалык мөөнөттө өткөрүлөт. Конференцияга карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси Нурия Султановна, практика жетекчилери жана студенттер катышты.

​Кесиптик-базалык практиканын негизги максаты — студенттердин университетте алган теориялык билимдерин мектеп чөйрөсүндө практикалык көндүмдөр менен айкалыштыруу. Бул этапта болочок мугалимдердин педагогикалык компетенттүүлүгүн калыптандыруу, заманбап билим берүү технологияларын өздөштүрүүсү жана окуу-тарбия процессине психологиялык жактан адаптациялануусу камсыздалат.

​Практика учурунда студенттер төмөнкүдөй кесиптик милдеттерди аткарууга тийиш:

​- биология жана география сабактарын окутууда инновациялык методдорду (мисалы, 5Е модели, интерактивдүү карталар, санариптик лабораториялар) колдонууну үйрөнүү;

​ -сабактын планын (конспект) мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык иштеп чыгуу жана окуу куралдарын рационалдуу пайдалануу;

​ -окуучулардын дүйнө таанымын кеңейтүү максатында класстан тышкаркы иш-чараларды жана экологиялык-тарбиялык сааттарды уюштуруу;

​ -класстагы окуучулардын курактык өзгөчөлүктөрүн изилдөө жана инсанга багытталган мамиле жасоо көндүмдөрүн өнүктүрүү практиканттарга милдеттендирилет.

​Студенттердин ишмердүүлүгү атайын бекитилген жол картасы боюнча төмөнкүдөй этаптар менен ишке ашат:

​ -мектептин ички тартиби, техникалык коопсуздук эрежелери жана окуу-нормативдик документтери (журналдар, календардык пландар) менен таанышуу;

​ -алдыңкы тажрыйбалуу мугалимдердин сабактарына катышуу, сабактын түзүлүшүнө жана окутуу методдоруна анализ жүргүзүү;

​ -бекитилген график боюнча биология жана география сабактарын өз алдынча өткөрүү, лабораториялык жана практикалык иштерди уюштуруу;

​ -өтүлгөн сабактар боюнча рефлексия жасоо, күндөлүктөрдү толтуруу жана практиканын жыйынтыктоочу отчётун даярдоо боюнча кеңири маалымат берилди.

​Конференцияны жыйынтыктап жатып,​кафедра башчы Бурулай Жолболдуевна студенттерге практика учурундагы этикалык нормалар, документтерди өз убагында толтуруу жана мектеп администрациясы менен натыйжалуу байланыш түзүү боюнча маанилүү сунуштарын берди.

​Ошондой эле, ТИББ кафедрасынын практика боюнча жооптуу адиси А. Болотбеков студенттерди бөлүнгөн мектептердин тизмеси менен тааныштырып, ар бир студенттин жекече траекториясын аныктады. Студенттер коопсуздук эрежелери жана практиканын талаптары боюнча толук инструктаж алышты.