1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 дней назад

10

Практикага жөнөтүү конференциясы. 

Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун, Табигый-илимий билим берүү кафедрасында практикга жөнөтүү конференциясы болду. 550100 “Табигый-илимий билим берүү” багытынын окуу процессинин графигине ылайык биология, география жана химия профилдеринин Б-1-23, Г-1-23 тайпасынын студенттери 3 жумалык кесиптик-базалык, ал эми ТИББ(Б)1-24, ТИББ(Х)-1-24 тайпасынын студенттери 2 жумалык адаптациялык-педагогикалык практикасын өтүүгө жиберилди. Студенттер Манас шаарында, Сузак районунда жайгашкан жалпы ЖББО мектептерине бөлүштүрүлгөн жана техникалык коопсуздук эрежелери менен тааныштырылып, медициналык кароодон өтүшкөн.

Конференциянын жүрүшүндө студенттерге практиканын максаты, милдети, мазмуну жана жол картасы түшүндүрүлүп практика бүткөн соң отчетко тиркелүүчү документтердин тизмеси тааныштырылды. Конференцияга Карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн адиси Н. С. Жолдошалиева жана практика жетекчилери катышты. Жыйындын жүрүшүндө Н. С. Жолдошалиева студенттерге практика боюнча кеңири маалымат берип, студенттер тарабынан берилген суроолорго жооп берип, практиканын жүрүшүнө ийгиликтерди каалады.  

ТИББ кафедрасы бардык мектептер менен тыгыз иш алып барып жумушчу ордунда окутууну ишке ашырып, студенттердин практикаларын өткөрүүсүн тыкыр көзөмөлгө алып, ар бири студентке жетекчилер тарабынан ар дайым илимий-методикалык жардам көрсөтүп турмакчы.