1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 недели назад

32

Илимий-изилдөө практикасына жиберүү конференциясы

2026-жылдын 23-март күнү Э. Уметов атындагы педагогикалык институттун табигый-илимий билим берүү кафедрасында ТИББ(Г)маг-1-24 жана ТИББ(Х)маг-1-24 тайпаларын 6 жумалык илимий-изилдөө практикасына жөнөтүү алдындагы конференциясы болду. Конференцияга карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн адиси Жолдошалиева Н. С. жана илимий жетекчилер катышты.

Жыйында негизинен практиканын максаты, мааниси жана милдеттери магистранттарга таанышытырлып эмне жумуш аткарып келиш керек экендиги, жол карта менен кандай иш алып баруу керектиги түшүндүрүлдү. Практика бүткөн соң магистранттар отчетко тиркеле турган докуметтердин тизмеси да берилип толук маалымат жеткирилди. Ар бир магистрант өзүнүн илимий темасына байланыштуу ар кандай илимий мекеме, иш-каналарга бөлүнгөн жана 6 жуманын ичинде алдыга коюлган пландарды аткарып келмекчи.