1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

36

Академиялык мобилдүүлүк – кесиптик тажрыйбанын пайдубалы: Андижан мамлекеттик педагогикалык институтундагы окуу сапарынын жыйынтыктары.

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун, ПИнин Табигый-илимий билим берүү кафедрасынын биология жана химия багытынын 3-4-курсунун студенттери Адылбекова Фатима, Анарбаева Айдай жана Нурлан кызы Чолпонай эки тараптуу келишимдин негизинде, академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунда 1-модулдук окуу мөөнөттө билим алып келишти. Иш сапардын жүрүшү боюнча студенттерге (SWOT-анализ) маалымат беришти.

​1. Студенттердин мобилдүүлүк учурундагы күчтүү жактары.

-тил тоскоолдугунун жоктугу жана окшош маданияттын негизинде тез адаптациялануу;

- алдыңкы окутуучулардын усулдары менен таанышуу жана жаңы окутуунун ыкмаларын өздөштүрүү;

-кредиттик-модулдук системанын иштешин иш жүзүндө көрүү.

​2. Студенттердин алсыз жактары.

​- 1-модуль кыска болгондуктан, айрым тереңдетилген темаларды же лабораториялык изилдөөлөрдү аягына чыгарууга убакыттын аздыгы;

- кээ бир дисциплиналар боюнча программалардын дал келбестигинен улам келип чыккан кошумча жүктөмдөр;

-башка өлкөнүн электрондук журналдарына же окуу платформаларына кошулуудагы убактылуу кыйынчылыктар.

​3. Студенттердин мүмкүнчүлүктөрү:

​-башка өлкөнүн студенттери жана окутуучулары менен келечекте биргелешкен илимий долбоорлорду баштоо мүмкүнчүлүгү;

​-Эл аралык деңгээлдеги сертификаттарга же сунуштамаларга ээ болуу.

​4. Студенттердин коркунучтар же тоскоолдуктары:

​-эки тараптын баалоо системанын ортосундагы айырмачылыктар боюнча студенттерге маалымат беришти. Студенттер арасында кызуу талкуу жүрүп, отчет максатына жетти.