1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 день назад

7

Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө арналган куратордук саат 

2026-жылдын 21-февраль Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө арналган куратордук саат ТИББ кафедрасында өткөрүлдү. Куратордук саатка Х-1-22 тайпасынын куратору Болотбеков А. О. тайпанын студенттери жана кафедранын профессордук-окутуучулук курам, Х-1-24 тайпасы катышты. Бул күндүн максаты — эне тилдерибизди баалоо, алардын өнүгүүсүн колдоо жана дүйнө жүзүндөгү тилдердин байлыгын урматтоо.

Иш-чарага студенттер,  жана кафедранын окутуучулары активдүү катышышты. Куратордук сааттын алкагында эне тилдин маңызы жана анын ар түрдүүлүгү тууралуу баяндама жасалды. Студенттер орус,  англис, өзбек, түрк, немец тилдеринде кыскача көркөм ырларды окушту, ал эми тил жана маданият боюнча кызыктуу талкуулар болуп өттү. Мындан сырткары Х-1-24 тайпасынын студенттери кыргыз тили жөнүндө мукамдуу ырларды аткарышты. 

Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү — бул биздин тилдерибизди жана алардын келечегин сактоо үчүн маанилүү учур. Биздин окуу кафедрада өткөрүлгөн бул иш-чарага катышкандарга чоң ыраазычылык билдиребиз. Ар бирибиз өз эне тилинде сүйлөп, аны келечек муундарга мурас катары өткөрүп берүүбүз керек.