1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 день назад

7

«ТИЛ – УЛУТТУН БААЛАЙ ТУРГАН БАЙЛЫГЫ, ӨЧПӨС ӨМҮРҮ ЖАНА КЕЛЕЧЕГИ»

«Тил - улуттун баалай турган байлыгы, өчпөс өмүрү жана келечеги» деген темада ТИББ кафедрасынын Б-1-22 тайпасында доцент А.Д.Эгембердиева куратордук саат өттү.

Куратордук сабакта ЮНЕСКО тарабынан жарыяланган 21-февраль - Эл аралык эне тил күнүнө карата уюштурулуп, студенттердин эне тилине болгон сүйүүсүн арттыруу жана тилдик көп түрдүүлүктү сактоо максаты коюлду.

Тил майрамынын келип чыгуу тарыхы жана дүйнө жүзүндөгү жоголуп бара жаткан тилдердин тагдыры боюнча кызыктуу презентациялар көрсөтүлдү.

Студенттер кыргыз тилинин улуулугун даңазалаган белгилүү акындардын ырларын көркөм окушуп, эне тилдин кадыр-баркы тууралуу дил баяндарын ортого салышты.

 «Макал-лакаптар», «Чечендик өнөр» жана кыргыз тилиндеги сейрек кездешүүчү сөздөрдүн маанисин табуу боюнча викториналар уюштурулду.

Тилдин тазалыгын сактоо, заманбап технологияда эне тилди колдонуу жана мамлекеттик тилдин өнүгүү келечеги тууралуу кызуу талкуулар болду.

"Эне тили -бул ар бир элдин маданий өзөгү. Биз тилибизди канчалык терең билсек жана бааласак, башка тилдерди да ошончолук сыйлай алабыз."

Куратордук сааттын соңунда эне тилибизди гана эмес, дүйнө элдеринин тилдерин да урматтоо менен бирге, кыргыз тилин өнүктүрүү ар бир жарандын ыйык милдети экени баса белгиленди. Сабакка активдүү катышкан студенттерге ыраазычылык билдирүү менен аяктады.