1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

58

КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАДА ИЛИМ ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИН ПЛАНДАШТЫРУУ ЖАНА АТКАРУУ УСУЛДАРЫ

Э.Уметов атындагы педагогикалык институттун Табигый-илимий билим берүү кафедасында  кафедранын доценти б.и.к. А.Д.Эгембердиева тарабынан «Кесиптик-профилдик практикада илим изилдөө иштерин пландаштыруу жана аткаруу усулдары» деген тема боюнча жумуш ордунда окутуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Практиканын жүрүшүндө илимий-изилдөө иштерин уюштуруунун негизги этаптары, изилдөө темасын тандоо, максат-милдеттерди аныктоо, методдорду туура колдонуу жана алынган жыйынтыктарды талдоо усулдары каралды. Ошондой эле теориялык билимдерди практикалык ишмердүүлүк менен айкалыштыруу аркылуу педагогикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн мааниси белгиленди.

Жумуш ордунда окутуу практикалык тапшырмалар жана талкуу ыкмалары аркылуу жүргүзүлүп, практикант студенттердин илимий-изилдөө компетенттүүлүгүн жогорулатууга багытталды. Иш-чара педагогикалык практиканын максаттарын ишке ашырууга жана келечектеги кесиптик ишмердүүлүккө даярдоого өбөлгө түздү.