1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

54

ОКУТУУНУН ФОРМАЛАРЫ ЖАНА ЫКМАЛАРЫ: ЖУМУШ ПРОЦЕССИНДЕ БИЛИМ БЕРҮҮ

Кесиптик-профилдик практика алкагында Манас шаарынын №21 Ж.Болотов атындагы орто жалпы билим берүү мектебинде Б-1-22  тайпасынын студенттерине «Окутуунун формалары жана ыкмалары: жумуш процессинде билим берүү» темасы боюнча ТИББ кафедрасынын доценти б.и.к. А.Д.Эгембердиеванын жетекчилигинде жумуш ордунда окутуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө жумуш ордунда окутуунун негизги ыкмалары - наставничество, инструктаж, демонстрация жана практикалык тапшырмалар колдонулду. Практикант студенттер теориялык билимдерин түздөн-түз иш процессинде бекемдеп, кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Жумуш ордунда окутуу студенттердин практикалык даярдыгын жогорулатып, эмгек ишмердүүлүгүнө адаптацияланышына оң таасирин тийгизди.