1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

61

ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУДА БААЛОО ЖАНА КӨЗӨМӨЛ ЖҮРГҮЗҮҮ

Манас шаарындагы №14 М. Давлетов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде кесиптик-профилдик практиканын алкагында ТИББ кафедрасынын доценти б.и.к. А.Д.Эгембердиева тарабынан «Жумуш ордунда окутууда баалоо жана көзөмөл жүргүзүү» темасында жумуш ордунда окутуу өткөрүлдү. Бул иш-чаралардын негизги максаты – билим алуучулардын кесиптик көндүмдөрүн калыптандыруу процессинде баалоонун заманбап ыкмаларын колдонуу жана алардын өз алдынча өнүгүүсүнө шарт түзүү болду.

Жумуш ордунда окутуу учурунда көндүмдөрдү баалоо практикалык тапшырмаларды аткаруу аркылуу ишке ашырылды. Практика жетекчиси тарабынан байкоо жүргүзүлүп, билим алуучулардын ишке болгон жоопкерчилиги, тапшырмаларды аткаруудагы тактыгы жана практикалык жөндөмдөрү талданды. Ошондой эле портфолио ыкмасы колдонулуп, анда студенттердин аткарган иштери, жетишкендиктери жана жыйынтыктары топтолду.

Рефлексия жүргүзүү аркылуу билим алуучулар өз иштерине талдоо жасап, күчтүү жана өнүктүрүүнү талап кылган жактарын аныктоого мүмкүнчүлүк алышты. Бул ыкма алардын өзүн-өзү баалоо жөндөмүн өнүктүрүүгө жана кесиптик өсүшүнө өбөлгө түздү.

Жыйынтыгында, жумуш ордунда окутууда баалоо жана көзөмөл жүргүзүү ыкмалары билимдин сапатын жогорулатууга, практикалык көндүмдөрдү бекемдөөгө жана келечектеги кесиптик ишмердүүлүккө даярдоодо маанилүү роль ойной тургандыгы аныкталды.