1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

53

"Билим берүүдөгү интеграция". Табигый -илимий билим берүү кафедрасынын студенттери Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунда. 

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э.Уметов атындагы ПИ алгылыктуу иштерди жүргүзүүдө.

​ ​Учурда Педагогикалык институттун Табигый-илимий билим берүү кафедрасынын Б-1-23 тайпасынын студенти Адылбекова Фатима, Анарбаева Айдай жана Х-1-22 тайпасынын студенти Нурлан кызы Чолпонай. Өзбекстан Республикасынын Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунда академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында билим алышууда.

​Демилгенин негизги илимий-практикалык максаттары:

- эки өлкөнүн табигый илимдерди (биология, география, химия) окутуудагы методологиялык өзгөчөлүктөрүн өздөштүрүү;

​- студенттердин коңшу мамлекеттин окуу лабораторияларында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү;

- болочок педагогдордун эл аралык деңгээлдеги коммуникативдик жана кесиптик компетенцияларын калыптандыруу.

​ ​Академиялык мобилдүүлүк ЖАМУ менен Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун ортосундагы түзүлгөн эки тараптуу келишимдердин натыйжасы жүргүзүлдү. Студенттер үчүн мындай иш сапарлар теориялык билимди практика менен айкалыштырууга, ошондой эле Орто Азия чөлкөмүндөгү билим берүү мейкиндигин бириктирүүгө кызмат кылат.

Бул билим берүүнүн сапатын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүчү илимий трансформациянын бир бөлүгү.

​Академиялык мобилдүүлүк учурунда ​студенттердин ишмердүүлүгү:

​- заманбап инновациялык технологияларды колдонуу менен лекциялык жана практикалык сабактарга катышуу;

​- табигый илимдердин актуалдуу маселелери боюнча илимий тегерек столдорго жана семинарларга катышуу;

​- маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо максатында бир модуль Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунда билим алат.