1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

50

ЖАМУнун студенттери коңшу мамлекетте билим алышууда.

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы Педагогикалык институту коңшу мамлекеттердин алдыңкы окуу жайлары менен бекем байланыш түзүп, студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда.

Учурда ЖАМУ жана Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун ортосундагы эки тараптуу келишимдер иш жүзүндө ийгиликтүү жүргүзүлүп, Э.Уметов атындагы ПИнин эң алдыңкы студенттери Өзбекстан Республикасынын Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунда академиялык мобилдүүлук өтөп келүү үчүн Табигый-илимий билим берүү кафедрасынын 3-4курсунун студенттери Адылбекова Фатима, Анарбаева Айдай, Нурлан кызы Чолпонай. Ошондой эле

​Тарых кафедрасынын студенттери Кенжебаева Алмашай, Болотбекова Айназик, Абдинаби кызы Самара, Абдахимова Накинай мүмкүнчүлүк алышты.

Студенттер бир окуу модуль алкагында Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунда билим алып, теориялык билимдерин практикалык тажрыйба менен айкалыштырышууда. Бул жөн гана окуу эмес, бул — Орто Азия чөлкөмүндөгү билим берүүнүн сапатын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүчү илимий трансформациянын маанилүү кадамы.

Мындай интеграциялык процесстер студенттердин дүйнө таанымын кеңейтип, кесипкөй адис катары калыптанышына чоң өбөлгө түзөт.