1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

19

"Кесиптик калыптануунун алгачкы кадамы: Адаптациялык-педагогикалык практиканын жыйынтыктары"

Үзгүлтүксүз билим берүү институтунун, Табигый-илимий билим берүү кафедрасында сырттан окуу бөлүмүндө билим алып жаткан Бс-1-23, Бс-2-23 жана Бс-3-23 тайпаларынын студенттерине адаптациялык-педагогикалык практиканы жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү.

​Конференциянын негизги максаты — студенттердин мектеп чөйрөсүндөгү алгачкы кесиптик ишмердүүлүгүн талдоо, теориялык билимдерин практикада колдонуу деңгээлин аныктоо.

Конференциянын жүрүшүндө студенттер өз ишмердүүлүгү боюнча тереңдетилген баяндамаларды жасашты. Анда төмөнкү негизги маселелер талкууланды:

​Студенттер өз алдынча сабак өтүүдөгү дидактикалык кыйынчылыктарды жана психологиялык тоскоолдуктарды (аудитория алдындагы кооптонуу, окуучулар менен байланыш түзүү) жеңүү ыкмалары боюнча;

-окуу процессинде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды (МКТ) жигердүү колдонуу, ошондой эле окуучулардын таанып-билүү активдүүлүгүн арттыруучу "мээ чабуулу", "кластер", "кейс-стади" сыяктуу активдүү окутуу усулдарынын натыйжалуулугу;

-класс ичиндеги дисциплинаны сактоо, аудиторияны натыйжалуу башкаруу, класстык журналдар жана электрондук документациялар менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү;

-өзгөчө муктаждыгы бар окуучулар менен жеке иштөөдөгү педагогикалык ыкмалардын маанилүүлүгү боюнча ой-пикирлер сунуштар айтылды.