1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

20

Илимий-изилдөө практикасын жыйынтыктоо.

Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун, Табигый-илимий билим берүү кафедрасында магистранттардын илимий-изилдөө практикасын жыйынтыктоочу конференциясы уюштурулду.

​Конференцияга ЖАМУнун Карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси Н.С.Жолдошалиева, ТИББ кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы, ​илимий жетекчилер жана ТИББ(Х)маг-1-24, ТИББ(Г)маг-1-24 тайпалары катышты.

Конференциянын максаты жана милдеттери:

-илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнүн алгачкы жыйынтыктарын талдоо; -магистрдик диссертациялардын методологиялык негиздерин тактоо жана топтолгон эмпирикалык материалдардын деңгээлин баалоо.

​Конференциянын жүрүшүндө бекитилген "Жол картанын" негизинде магистранттардын отчеттук документтеринин  сапатына мониторинг жүргүзүлдү.

 Магистрлер отчетунда  төмөнкүлөрдү

​-тандалган илимий темалар боюнча библиографиялык анализ жүргүзгөндүгүн;

​-илимий макалалар даярдалып жана РИЦ ж.б., илимий журналдарга жарыялангандыгын;

​-эксперименталдык изилдөөлөрдүн программасын иштеп чыгышканын айтышты.

​ Нурия Султановна жана илимий жетекчилер магистрлердин илимий-изилдөө практикасынын отчеттук документтерин ЖОЖдогу ченемдик-укуктук актыларга жана мамлекеттик билим берүү стандартына шайкештигин жогору баалады. Илимий жетекчилер ар бир практиканттардын жекече изилдөө траекториясын талкуулашып, магистрдик диссертациялык иштерди андан ары улантуу боюнча сунуштарын беришти.

​  Магистрлердин документтери жана илимий баяндамалары кабыл алынып, изилдөө иштеринин кийинки этаптарына өтүүгө уруксат берилди.