1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

21

​Кесиптик-профилдик практиканы жыйынтыктоочу конференция

Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунун, Табигый-илимий билим берүү кафедрасында билим алып жаткан Б-1-22 жана Х-1-22 тайпаларынын студенттеринин кесиптик-профилдик практикасын жыйынтыктоочу конференция болуп өттү.

​Конференциянын негизги максаты — студенттердин мектеп чөйрөсүндөгү кесиптик ишмердүүлүгүн талдоо, теориялык билимдерин практикада колдонуу деңгээлин аныктоо жана практика учурунда топтогон тажрыйбаны жалпылоо.

​Конференциянын жүрүшүндө бекитилген жол картанын талаптарына ылайык, студенттердин отчеттук документтери ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси Нурия Султановна, ТИББ кафедрасынын тажрыйбалуу окутуучулары жана практика жетекчилери тарабынан кабыл алынды. Мында студенттердин күндөлүктөрү, сабактардын иштелмелери жана психологиялык-педагогикалык мүнөздөмөлөрү кылдат текшерүүдөн өттү.

​Практиканын жүрүшүндө студенттер окуу-тарбиялоо процессине активдүү катышып, педагогикалык этиканы жана инновациялык усулдарды өздөштүрүүдө жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтө алышты. Өзгөчө айырмаланган жана чыгармачыл мамиле кылган студенттердин эмгеги мектеп администрациялары тарабынан жогору бааланып, аларга ыраазычылык каттар тапшырылды. Кесиптик-профилдик практика студенттердин кесиптик компетенттүүлүгүн калыптандырууда маанилүү этап болуп саналат. Бул процесс болочок мугалимдердин педагогикалык чеберчилигинин пайдубалын түптөп, мектептеги реалдуу окуу чөйрөсүнө ийгиликтүү аралашуусуна шарт түздү.