1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

19

"НББПны өркүндөтүүдөгү социалдык өнөктөштүк: ЖОЖ, мектеп жана бүтүрүүчүлөрдүн диалогу"

Э.Уметов атындагы ПИнин, табигый-илимий билим берүү кафедрасында иш берүүчү жана бүтүрүүчүлөр менен бирге "НББПны өркүндөтүүдөгү социалдык өнөктөштүк: ЖОЖ, мектеп жана бүтүрүүчүлөрдүн диалогу" аталышындагы жолугушуу болуп өттү.

Иш-чаранын максаты: 550100 Табигый-илимий билим берүү багытынын Биология профили боюнча НББПнын мазмунун жана сапатын иш берүүчүлөрдүн талаптарына ылайык талдоо, ЖОЖ менен мектептердин ортосундагы социалдык өнөктөштүктү чыңдоо аркылуу бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик даярдыгын жогорулатуу.

Иш-чарада төмөндөгүдөй милдеттер каралды:

- 550100 Табигый-илимий билим берүү багытынын  Биология профилдери боюнча окуу пландарын жана дисциплиналардын мазмунун кайра карап чыгуу;

- эмгек рыногундагы заманбап муктаждыктарды (санариптик көндүмдөр, жаңы усулдар) окуу процессине киргизүү жолдорун аныктоо;

- мектептер менен ЖОЖдун ортосундагы кызматташтык меморандумдарын бекемдөө жана биргелешкен семинарларды, ачык сабактарды пландаштыруу;

-дуалдык окутуу элементтерин жана педагогикалык практиканы уюштуруунун натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу;

-мектеп программасындагы эң татаал бөлүмдөр (генетика, цитология, молекулярдык биология) боюнча маселелерди чыгаруунун тереңдетилген курстарды уюштуруу.

-тандоо курстарынын каталогуна генетика, цитология, молекулярдык биология боюнча маселелерди чыгаруу боюнча дисцплиналарды  киргизүү;

- бүтүрүүчүлөрдүн мектеп программасына жана окуучулардын даярдык деңгээлине карата практикалык даярдыгын баалоо;

-жаш адистердин жумуш ордуна адаптациялануусунда жана стажировка өтөөсүндө келип чыккан көйгөйлөрдү аныктоо жана аларды чечүү.