1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

15

"Сырттан окуу бөлүмүндө билим алып жаткан студенттерге практика учурунда методикалык жардам көрсөтүү "

Үзгүлтүксүз билим берүү институтунун, табигый-илимий билим берүү кафедрасында билим алып жаткан Бс-1-21 тайпасынын студенттерине практика учурунда методикалык жардам көрсөтүү боюнча тегерек үстөл уюштурулду.

Студенттердин практика учурундагы алсыз, күчтүү жана жетишкен натыйжалары боюнча талкуулар болду. Студенттер билим берүүдөгү акыркы заманбап усулдар боюнча суроолорду беришип, буга чейинки алган билимдерин андан ары да тереңдетип жаңы билим, көндүмдөргө ээ болушту.

Практика жетекчилери менен бирге сабак өтүү ыкмалары боюнча талкуулар, сунуштар айтылып конференция максатына жетти.