1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

25

Академиялык мобилдүүлүктү ишке ашыруу максатында сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Э.Уметов атындагы ПИнин, ТИББ кафедрасы Өзбекстан Республикасынын Наманган мамлекеттик педагогикалык институтунун табигый-илимдер кафедрасынын башчысы А. Хамидов менен биргеликте эки окуу жайдын ортосунда академиялык мобилдүүлүктү ишке ашыруу максатында сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Эки окуу жайдын (биология, география жана химия) окуу пландары каралып, кредиттик сааттардын шайкештиги салыштырылды.

Эки окуу жайдын окутуу тили, -PhD/докторлук даражасы бар окутуучулардын саны; -окутуучулардын эл аралык тажрыйбасы каралды.

Окуу жайдын институционалдык, программалык, инфраструктуралык критерийлери боюнча таанышуу жана сүйлөшүүлөр болду.

Эки окуу жай академиялык мобилдүүлүк боюнча студенттерди жана окутуучуларды жөнөтүү планы 2025-2026-окуу жылынын жазгы семестрине пландаштырылды.