1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

25

Кош дипломдуулук боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

ТИББ кафедрасы Өзбекстан Республикасынын Наманган мамлекеттик университетинин табигый-илимдер факультетинин химия кафедрасынын башчысы менен биргеликте кош дипломдуулук боюнча эки окуу жайдын ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Эки окуу жайдын окуу пландары каралып, кредиттик сааттардын шайкештиги салыштырылды.

Окуу жайдын окутуу тили (англис, орус ж.б.), PhD/докторлук даражасы бар окутуучулардын саны; -окутуучулардын эл аралык тажрыйбасы каралды.

Окуу жайдын институционалдык, программалык, инфраструктуралык критерийлери боюнча таанышуу жана сүйлөшүүлөр болду.

Өнөктөш ЖОЖдун артыкчылыгы Жалал-Абад облусу менен жакын жайгашкандыгы (каржылык колдоо);

- улуттук жана эл аралык деңгээлдеги аккредитациядан өткөндүгү;

-улуттук же эл аралык рейтингдеги илимий басылмалардын жарык көрүшү (Scopus, Web of Science);

-программаны узак мөөнөттүү ишке ашырууга жетиштүү каржылык жана материалдык ресурстардын болушу каралды.

Эки окуу жай ортосунда жатакана, медициналык камсыздандыруу жана адаптация боюнча кызматтардын көрсөтүлүшү жөнүндө сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Кош дипломдуулук келишимди ишке ашыруу эки окуу жайдын окуу планын иштеп чыгуу, жана студенттерди кабыл алуу планы 2026-2027 окуу жылына пландаштырылды.