1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

25

Студенттерди жумуш ордунда окутуу жана насаатчылык – кесипкөй адисти даярдоонун натыйжалуу жолу.

Бүгүнкү күндө билим берүү менен эмгек рыногунун байланышын чыңдоо маанилүү маселелердин бири болуп саналат. Бул багытта студенттерди жумуш ордунда окутуу жана насаатчылык (менторлук) системасын уюштуруу алардын кесиптик калыптанышына, практикалык тажрыйба топтоосуна жана келечектеги ишмердүүлүгүнө бекем негиз түзөт. Ошондуктан табигый-илимий билим берүү кафедрасынын доценти, х.и.к Маматураимова Н. А.  Х-1-22 тайпасынын студенти Муркамилова Айгеримге профессионалдык-профилдик практика учурунда наасатчылык ишин жүргүздү.

Студенттерди жумуш ордунда окутуу жана насаатчылык төмөнкүдөй оң натыйжаларды берет:

* практикалык билим жана көндүмдөр калыптанат;

* студенттердин кесиптик компетенциясы жогорулайт;

* иш берүүчүлөр үчүн даяр кадрлар пайда болот;

* билим берүү мекемеси менен ишкананын кызматташуусу бекемделет;

* бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү кеңейет.

Студенттерди жумуш ордунда окутуу жана насаатчылык – бул сапаттуу кадрларды даярдоонун заманбап жана натыйжалуу жолу. Бул системаны туруктуу жана максаттуу жүргүзүү аркылуу студенттер практикага даяр, атаандаштыкка жөндөмдүү адис болуп калыптанышат. Ошондуктан билим берүү мекемелери менен иш берүүчүлөрдүн өз ара тыгыз кызматташуусу өзгөчө мааниге ээ.