1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

40

Окутуунун 5Е модели боюнча семинар өттү

Табигый-илимий билим берүү кафедрасында  профессордук-окутуучулук курам жана студенттердин педагогикалык чеберчиликти өркүндөтүүгө багытталган “Окутуунун 5Е модели” темасында семинар өткөрүлдү. Иш-чарага мугалимдер, кафедранын студенттери катышып, 5Е моделинин маңызы жана практикадагы колдонулушу кеңири талкууланды.

Семинарды ЖАМУнун химия адистигинин бүтүрүүчүсү, Эл агартуунун отличниги, “Жылдын мыкты мугалими” конкурстарынын жеңүүчүсү тренер Уметов Улан Мамашович өтүп берди.

 Семинардын жүрүшүндө катышуучулар 5Е моделинин беш баскычы — Engage (Жалпылоо жана кызыктыруу), Explore (Изилдөө), Explain (Түшүндүрүү), Elaborate (Тереңдетүү), Evaluate (Баалоо) боюнча теориялык жана практикалык материалдар менен таанышты. Тренер окутуунун бул ыкмасы окуучулардын активдүү катышуусун камсыздап, сабакты өз алдынча изилдөө жана логикалык ой жүгүртүүгө багыттай турганын белгиледи.

Практикалык бөлүгүндө катышуучулар топторго бөлүнүп, 5Е моделине ылайык мини-сабактарды түзүп, бири-бирине сунуштап, пикир алышты. Бул иш мугалимдерге моделди өз предметине туура интеграциялоонун жолдорун үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Семинардын аягында катышуучулар бул форматтын натыйжалуулугун жогору баалап, андан ары сабак берүүдө 5Е моделин колдонууга даяр экендиктерин билдиришти. Иш-чара педагогдордун кесиптик өнүгүүсүнө жана заманбап окутуу ыкмаларын өздөштүрүүгө маанилүү салым кошту.