1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

36

Практика учурундагы ачык сабактар.

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун табигый-илимий билим берүү кафедрасынын Х-1-22 тайпасынын студенттери кесиптик-профилдик практика учурунда бөлүнгөн билим берүү мекемелеринде химия предметинен сабак өтүп, методикалык көндүмдөрүн өркүндөтүп, теориялык билимдерин практикалык иш менен бекемдешти. Практиканын 8-жумасы өзгөчө мааниге ээ болду. Бул жумада студенттер Базарбаева Үпөл “Ион алмашуу реакциялары” деген темада (11-класс), Бекжанова Медина “Күкүрт жаратылышта таралышы, физикалык жана химиялык касиеттери” деген темада  (9б-класс), Махамадали кызы Разия “Аралашмалар” деген темада (7-класс)   даярдаган ачык сабактарын өткөндө, практика жетекчиси кафедранын окутуучусу барып катышып Болотбеков Азирет алардын сабак пландаштыруу жөндөмүн, методикалык даярдыгын, сабак өтүү чеберчилигин, химия боюнча алган теориялык билимдерин колдонуу деңгээлин жана окуучулар менен иштөө ыкмаларын баалады. Ачык сабактар заманбап окутуу ыкмаларын камтып, презентациялар, демонстрация, лабораториялык жумуш аткаруу, жана оюн элементтери аркылуу студенттердин чыгармачылыгын жана педагогикалык потенциалын көрсөттү. Практиканын жүрүшүндө студенттер күнүмдүк сабак пландарын түзүп, сабакка даярдануунун жолдорун өздөштүрүп, окуучулар менен жеке жана топтук иш алып барышты. Ошондой эле билим берүү мекемелеринин ички тартиби, документ жүргүзүү, педагогикалык этика сыяктуу кесипке тиешелүү маанилүү аспектилер менен таанышышты. Мындан тышкары алар тематикалык иш-чараларга, тарбиялык жана маданий иштерге активдүү катышып, өз идеяларын ишке ашырууда демилгелүүлүгүн көрсөтүштү. Студенттер чыныгы мугалим катары калыптанууга багыт алган баалуу тажрыйбага ээ болушту.