1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

36

Х-1-22 тайпасынын студенттери менен практика мезгилинде насаатчылык жолугушуу 

Табигый-илимий билим берүү кафедрасынын доценти х.и.к Маматураимова Н. А., улуу окутуучу Сатканкулова М. Э. Х-1-22 тайпасынын студенттерине кесиптик-профилдик практика мезгилинде насаатчылык жолугушуу иш-чарасын уюштурушту. Иш чаранын негизги максаты студенттерге практика мезгилинде түшүнбөгөн суроолоруна жооп берүү, документ иштерин туура толтурууну үйрөтүү, практика мезгилинде болуп жаткан кыйынчылыктарга жардам берүү.

Кафедранын насаатчылары студенттер бөлүнгөн Манас шаарындагы "Иновациялык мектеп" жана № 9 Р. Санатбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто  мектептерге барып, студенттер жана билим берүү мекемелердин жетекчилери менен жолугушту.