1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

38

Тарбиянын башаты - үй бүлө" 

2025-жылдын, 2-декабрында Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунун, табигый -илимий билим берүү кафедрасында "Тарбиянын башаты - үй бүлө" деген аталыштагы тарбиялык иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Э.Уметов атындагы ПИнин директордун орун басары С.Осмоналиева, ТИББ кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы, ТИББ(Б)-1-25 тайпасынын студенттери жана ата-энелер катышты дейт кафедранын окутуучусу Анара Жеенмырзаевна.

Иш-чарага келген студенттердин ата-энелерине куратор А.Керимбекова ата-эне сиздер балдарыныздарга эң жакын жана сүйүктүү инсансыздар. Ата-эне, бала үчүн - эң мыкты мугалим. Андыктан балдарыныздарды б.а. биздин студенттерди чогу бирге тарбиялоого чакырам. Жогорку окуу жайга тапшырып 3 ай аралыгында балдарынын окуудагы жетишүү катышуусу, билими, жүрүм -туруму, коомдогу орду боюнча кеңири маалымат берди - дейт улук окутуучу К.Артыкбаева.

Ата-эне балдарынын жетишүү катышуусун, билимин интернет желесинен кантип текшерип, көзөмөлдөп турса болору ( "AVN" программасы). О.э. баалоо каражаттарынын фонду боюнча студенттерге ата-энелерге толук маалымат берди ТИББ кафедрасынын башчысы доцент Бурулай Жолболдуевна.

Иш-чара да талкуу, ой-пикир, сунуштар айтылып, концерттик номерлер көрсөтүлүп, илимий лабораторияларга экскурсия уюштурулуп иш-чара максатына жетти дейт окутуучу Анара Жеенмырзаевна.