1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

39

"Дени сак муун - коопсуз келечек" 

2025-жылдын 1-декабрында Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунун, табигый-илимий билим берүү кафедрасында 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИД күнүнө карата "Дени сак муун - коопсуз келечек" аттуу тарбиялык иш-чара өткөрүлдү. Аталган тарбиялык иш-чарага ТИББ кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер ошондой эле Б.Омонов атындагы ЖАМУнун дарыгерлери А.Э.Оморбекова жана Т.М. Касымбековалар катышты дейт тарбиялык иштер боюнча жооптуу улук окутуучу К. Артыкбаева

Иш-чарада тема боюнча видео-фото көрсөтүүлөр менен коштолгон баяндамалар окулуп, студенттер тарткан көркөм тасмалар жана кызыктуу сахналаштыруулар көрсөтүүлүп, концерттик номерлер тартууланып, бир катар үгүт-насаат иштери жүргүзүлдү, ошондой эле тема боюнча дубал гезиттеринин көргөзмөсү да болду.

А.Э.Оморбекова жана Т.М. Касымбековалар СПИД боюнча илимий баяндамаларды жасашып, оору жөнүндөгү маалымат менен бөлүштү.

СПИД менен күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган иш-чара абдан сапаттуу уюштурулуп, жаштар арасында СПИДдин, эрте бойго бүтүүнүн алдын алуу, абийирдүүлүктү сактоо мазмунунда пайдалуу маалыматтарды алып, жогорку деңгээлде тарбиялык мааниде өткөрүлдү.

СПИД-адамдын иммундук жетишсиздик вирусу инфекциясынан келип чыккан олуттуу оору. Бүгүнкү күнгө чейин бул ооруну 85,6 млн адам жуктуруп, 40,4 млн каза болгон. Бул оору менен күрөшүү, анын алдын алуу максатында маалымат берүүчү иш-чаралар дүйнө жүзү боюнча 1988-жылдын 1-декабрынан бери өткөрүлүп келет жатат дейт ТИББ кафедрасынын башчысы Бурулай Жолболдуевна.