1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

60

"Билим аудитория тандабайт" жумуш ордунда окутуу.

2025-жылдын 24-ноябрында ТИББ(Б)-1-25 тайпасына өсүмдүктөрдүн анатомиясы жана морфологиясы дисциплинасынан "Тамыр жана анын мааниси" деген темада лекциялык сабак АТФ аянтчасында уюштурулду.

Жумуш ордунда окутуу (ЖОО) – бул милдеттүү түрдө кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү бекемдөө болуп саналат.

Студенттерди жумуш ордунда окутуу учурунда түрдүү өсүмдүктөрдүн тамырларын АТФнын аянтчасына жыйнап алып, тамырдын морфологиялык түзүлүшү менен таанышат. Өсүмдүктөрдүн тамырларын түрлөргө ажыратып аныктама беришет.

Бул учурда студенттер үчүн: жумуш ордунда окутуунун (ЖОО) пайдалуулугу:

- өсүмдүктүн тамырын изилдөө учурунда изилдөө чеберчилиги артат;

- тамырды түрлөргө ажыратуу учурунда терең кесиптик билимдерди, көндүмдөрдү өнүктүрөт;

- жеке аянтчалар да жумуш аткаруу учурунда иштөө тажрыйбасына ээ болот;

- өсүмдүктөрдүн тамырларын жыйнаган учурда жамаат менен иштөө жөндөмдүүлүккө ээ болот;

- топтордо (жуптарда) өсүмдүктөрдүн тамырларын талкуулоо учурунда коммуникативдик көндүмдөрдү, креативдүү, сынчыл ой жүгүртүүнү, өзүн-өзү уюштурууну, тартипти, жоопкерчиликти өзүнө алуу көндүмдөрүн өнүктүрөт дейт доцент Бурулай Жолболдуевна.