1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 дня назад

8

“I A тобунун элементтеринин химиялык касиеттери ” деген темада ачык сабак өтүлдү.

24-Ноябрь күнү Табигый-илимий билим берүү кафедрасынын окутуучусу Болотбеков Азирет Химия дисциплинасынан 1-курстун студенттери үчүн  “I A тобунун элементтеринин химиялык касиеттери” деген темада лабораториялык ачык сабак өттү.

Сабактын максаты: Щелочтуу металлдардын касиеттерин жана кошумаларын окуп үйрөнүү болду.

Жабдылышы: Химиялык идиштер: пробиркалар, колбалар, өлчөөчү цилиндрер, форфор табакчалар, металлдык штатив, спирт шамы, айнек таякча, чыпкалоочу кагаз.

Реактивдер: Na(мет), H2O, Li (мет), K (мет) , KI эритмеси,  Na2O2,  H2SO4  (суюл.), натрийдин сульфиди (Na2S), калийдин нитраты (KNO3), калийдин хлоридди (KCl), калийдин карбонаты (KCO3), магний лентасы (Mg), индикатор кагазы, HCl (суюлтулган). Металлдык кальций, кальцийдин хлориди, барийдин хлориди, натрийдин гидрооксиди.

Cабак учурунда жуптук жана топтук иштер жасалды, студенттер 3 топко бөлүнүп 6 лабораториялык жумуштарды жасашты. Экспериментти жасап бүткөн соң ар бир топ өзүнүн жыйынтыктарын ватманга түшүрүп, кылган жумуштарын жана жыйынтыктарын презентация жасашты. Ар бир топтун презентациясынын аягында суроо-жооптор болду.

Сабакка кафедранын профессордук-окутуучулук курамы катышып сабак бүткөн соң сунуштарын жана пикирлерин билдиришти.

Ачык сабак жогорку деңгээлде уюштурулуп, студенттердин щелочтуу металлдардын химиялык касиеттери боюнча теориялык билимдери практика жүзүндө бышыкталып, студенттердин химияга болгон кызыгуусу жогорулады.