1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

12

“Практиканттарга жол карта боюнча багыт берүү” 

“Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин, Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунун, табигый-илимий билим берүү кафедрасынын 4 курсунун студенттерине “Жол карта боюнча багыт берүү ” конференциясы уюштурулду дейт ТИББ кафедрасынын башчысы доцент Б.Ж.Жээнбекова.

Конференцияга ТИББ кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы жана Манас шаарындагы №5, №6, №14, №19, жана №21 ЖОББ мектептерде практикада жүргөн практиканттар о.э. мектептеги практика жетекчилери катышты.

Конференция маектешүү форматында өттү.

Бул конференцияда практиканттарга жол карта боюнча Бурулай Жолболдуевна кеңири маалымат берди.

Практиканттар арасында жол карта боюнча суроо, жооп, талкуу жана сунуштар айтылды.

№5 ЖОББ мектептин биология мугалими Г.А.Айдарова жол картада практиканттар практика учурунда эмне иш аткаруу керектиги так түшүнүктүү берилгенин белгилеп, мектеп жетекчилери практиканттарга жол картада мектептен эмне суралса жардам берерин белгилеп өттү .

№19 ЖОББ мектептин биология мугалими Н.Кулова практикант жана жетекчи мугалимдердин жолкартасы болгон бул эң жакшы натыйжа берет. Практикант 9 жума ичинде эмне иш аткаруусу жана жетекчи алардан эмнелерди талап кылуусу кеңири берилгенин белгилеп, мектеп жетекчилери да жол карта түзүп алса жакшы натыйжа берерин айтты.

Ошондой эле практиканттардын баалуу ой-пикир, сунуштары айтылып,конференция жыйынтыкталды дейт практика боюнча жооптуу доцент Н.Маматураимова.