1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

17

"Тарыхы болбой эл болбойт, тамыры болбой жер болбойт" 

Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунун,табигый- илимий билим берүү кафедрасында 6-7 ноябрь Б.Осмонов атындагы ЖАМУда илим айынын алкагына жана Кыргыз Республикасында "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү" күнүнө карата "Тарыхы болбой эл болбойт, тамыры болбой жер болбойт" аталыштагы тарбиялык иш-чара уюштурулду дейт ТИББ кафедрасынын башчысы Бурулай Жолболдуевна.

Иш-чарага студенттер, профессордук-окутуучулук курам жана Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунун директору Зыяда Садыковна катышты.

Бурулай Жолболдуевна иш-чараны ачып берүү учурунда ар бир улуттун тарыхында көптөгөн жеңиштер, бактылуу учурлар менен бирге азап, кайгы-муңдан аккан көз жаш да жок эмесин жана 1916-жылдагы каргашалуу Үркүн окуяларын; совет мезгилиндеги саясий куугунтук, сүргүн, массалык репрессияны; 1938-жылы элибиздин 137 чыгаан уулунун курмандыгын; Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон кийин Мекендин бүтүндүгү үчүн чек араларда жаштардын шейит кетишин тарыхта өлбөс-өчпөс из калтырган трагедияга толгон олуттуу драмалык окуялар деп айтсак болот деп эскеди.

Тарбиялык иш-чарага ТИББ(Б)-1-24 жана ТИББ(Х)-1-24 тайпаларынын студенттери катышып,

көркөм окуу, ыр, бий жана үркүн окуяларын сахналаштырды дейт куратор М.Сатканкулова.

Кыргызстандын азаттыгы үчүн күрөштө жанын берген, анын бакубаттуулугу үчүн талыкпастан эмгектенген Абдыкерим Сыдык уулу, Мурат Салихов, Ишеналы Арабаев, Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахман уулу, Эркинбек Эсеналиев жана Төрөкул Айтматов сыяктуу тарыхый инсандарды эч качан унутпайбыз. Кыргыз элинин тарыхын жана ата-бабалардан калган аманаттарды коргоп, келечектеги жаш муундарга өткөрүп берүү биздин эң башкы милдетибиз дейт Зыяда Садыковна.

О.э. Кыргыз Республикасын жана кыргыз элинин тарыхын коргоп жатып шейит кеткендерди, ардагерлерди сый-урмат, ыраазычылык жана дуба кылуу менен эскерерин билдирди.

Уюштуруу тобуна жана студенттерге терең ыраазычылык билдирүү менен тарбиялык иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулду дейт Бурулай Жолболдуевна.