1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

13

ДУАЛДЫК ОКУТУУ БОЮНЧА НАСААТЧЫЛЫК ИШИ

Табигый-илимий билим берүү кафедрасынын окутуучусу Болотбеков А. О. дуалдык окутууну ишке ашыруу максатында Манас шаарында №4 жалпы билим берүүчү орто мектепке барып, ал жерде профессионалдык-профилдик практикасын  өтөп жаткан Х-1-22 тайпасынын студенттери Базарбаева Үпөл, Бекжанова Медина, жана Махамадали кызы Разиянын сабактарына катышып насаатчылык ишин жүргүзүп келди. Студенттерге 8-класстарга “Атом жана атомдун түзүлүшү” деген темада сабак өтүү үчүн ар кандай методикалык жардам көрсөттү. Бекжанова Мединанын 11-класс “Коллоиддик дисперстик эритмелер” аталышындагы темасында практикалык сабакта кандай химиялык реактивдер жана приборлорду колдонуу керектигин кенен түшүндүрүү менен лабораторияда иштөө коопсуздук эрежелерин эскертип кайтты. Практиканын мөөнөтү бүткөнгө чейин окутуучу менен студенттердин ортусунда тынымсыз байланыш ишке ашырылып турмакчы.