1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 день назад

7

Биология профилинин студенттерин кесиптик-базалык практикага жөнөтүү конференциясы өткөрүлдү

Үзгүлтүксүз билим берүү институтунда 550100 «Табигый-илимий билим берүү» багытынын биология профили боюнча билим алып жаткан Бс-1-23 жана Бс-2-23 тайпаларынын студенттерин кесиптик-базалык практикага жөнөтүү боюнча атайын багыт берүүчү конференция болуп өттү.

Иш-чаранын негизги максаты — студенттерди практиканын жүрүшү, негизги талаптары жана алдыдагы милдеттери менен кеңири тааныштыруу болду. Конференциянын жүрүшүндө практика жетекчилери тарабынан төмөнкү маанилүү маселелер боюнча түшүндүрмө берилди:

·         Практиканын максаты жана мазмуну: билим берүү мекемелеринде теориялык билимди тажрыйба менен айкалыштыруу, сабак өтүү методикасын өздөштүрүү жана окуучулар менен иштөө көндүмдөрүн калыптандыруу;

·         Документтерди жүргүзүү: практика учурунда толтурулуучу күндөлүктөрдү, отчетторду жана башка тиешелүү иш кагаздарын талапка ылайык туура даярдоо эрежелери;

·         Тартип жана коопсуздук: практика өтүүчү жайлардын ички тартибин так сактоо, педагогикалык этиканы кармануу жана коопсуздук техникасы боюнча нускамалар.

Кесиптик-базалык практика 3 жума болот жана практика аяктаган соң студенттер практиканын отчеттун тапшырып тийешелүү баага ээ болушат. Конференциянын соңунда студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышып, алдыдагы кесиптик-базалык практиканы ийгиликтүү өтөө боюнча тиешелүү багыттамаларды алышты.