1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 день назад

8

Магистранттар менен илимий-изилдөө багыттары боюнча уюштуруу жыйыны өткөрүлдү

Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун Табигый-илимий билим берүү кафедрасынын Бмаг(н/р)-2-26 жана Хмаг(н/р)-2-26 тайпаларынын 1-курстун магистранттары менен окуу процессинин жана илимий-изилдөө иштеринин жүрүшү боюнча уюштуруу жыйыны өткөрүлдү.

​Жолугушууда кафедра башчысы Б.Ж. Жээнбекова жана кафедранын доценти А.Д. Эгембердиева тарабынан магистранттардын келечектеги илимий ишмердүүлүгүнө жана окуу процессине байланыштуу төмөнкү негизги маселелер каралып, кеңири маалымат берилди:

-илимий иштер жана темалар:

Магистрдик диссертациялардын илимий багыттарын талкуулоо жана заманбап илимий изилдөө темаларын туура тандоо маселелери каралды. Ошондой эле магистранттарга илимий жетекчилерди бекитүү, баштапкы илимий-изилдөө иштерин пландаштыруу боюнча тиешелүү сунуштар берилип, зарыл эскертүүлөр айтылды.

​Жыйындын соңунда магистранттар өзүдөрүкызыккан суроолорго жооп алып, алдыдагы милдеттери боюнча толук маалыматка ээ болушту.