1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 день назад

3

Кыргыз АССРинин түзүлүшү — улуттук мамлекеттүүлүктүн өнүгүшүндөгү маанилүү тарыхый баскыч

Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун табигый-илимий билим берүү кафедрасында Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалистик Республикасынын (Кыргыз АССРи) түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата ТИББ-1-24 тайпасында куратордук тарбиялык иш чара жогорку деңгээлде уюштурулду.

Иш-чаранын уюштуруучусу жана куратору —Абдисалам кызы Нурзат.  Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге Кыргыз АССРинин түзүлүшүнүн тарыхый өбөлгөлөрү, анын саясий-коомдук мааниси жана улуттук мамлекеттүүлүктү өнүктүрүүдөгү орду  боюнча илимий-таанып билүүчүлүк баяндамаларды жасашты.

1. Кыргыз АССРинин түзүлүш тарыхы

​Баяндамачы: Матемирова Диана Закирдинова (ТИББ-1-24 тайпасынын студенти).

​ Баяндамада советтик мезгилде Кыргыз АССРинин түзүлүшү  тарыхы кыргыз элинин өз алдынча башкаруу органдарын түптөөгө кошкон салымдары боюнча терең талданып көрсөтүлдү.

​            2. Кыргыз АССРинин көрүнүктүү жетекчилери

​Баяндамачы: Маданбекова Рахима Курсантбековна (ТИББ-1-24 тайпасынын студенти).

​Баяндамада Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасынын (Кыргыз АССРи) түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер чоң салым кошкондугун. Анын ичнен көрүнүктүү жетекчилери Абдыкерим Сыдыков,Жусуп Абдрахманов,Иманалы Айдарбеков,Абдыкадыр Орозбеков,Төрөкул Айтматов.  Бул инсандардын ишмердүүлүгү кыргыз элинин улуттук мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына, башкаруу түзүмүнүн өнүгүшүнө жана коомдук-саясий турмушунун өзгөрүшүнө негиз болгондугун. Алардын тарыхтагы орду Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүү тарыхында өзгөчө мааниге ээ экендигин белгиледи.

​            3. Өткөн тарыхты билүү — бүгүнкү эгемендүүлүктүн баркын түшүнүү

​Баяндамачы: Турдумаматова Каныкей Кумушбековна (ТИББ-1-24 тайпасынын студенти).

​Баяндамада Кыргыз АССРинин түзүлүшү — кыргыз элинин улуттук мамлекеттүүлүгүнүн тарыхындагы маанилүү бурулуш учур. Өткөн тарыхты билүү — бүгүнкү эгемендүүлүктүн баркын түшүнүү жана келечек муундун мекенчилдик сезимин маанилүү экенине өзгөчө басым жасалды.

​            Тарбиялык иш-чаранын соңунда тарыхый мурастарды урматтоо, өткөн доордун окуяларына объективдүү баа берүү жана улуттук баалуулуктарды сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Мындай тарбиялык-агартуучулук иш-чаралар жаш муундардын тарыхый эс тутумун бекемдөөгө, жарандык жоопкерчилигин жогорулатууга жана мекендин тарыхына болгон сый-урматын арттырууга өбөлгө түзөт. Анткени өз тарыхын билген, улуттук мурастарын баалаган муун гана мамлекеттин келечегине жоопкерчилик менен мамиле кыла алат. Иш-чара жемиштүү жана мазмундуу өткөндүгүн куратор Абдисалам кызы Нурзат белгиледи.