1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

16

Практикага жөнөтүү конференциясы.

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун Табигый-илимий билим берүү кафедрасында окуу графигине ылайык 550100 Табигый -илимий билим берүү багытынын биология, химия байланышы жок профиль магистурасында окуган Бмаг(н/р)-2-26 жана Хмаг(н/р)-2-26 тайпаларынын студенттери 2026-жылдын 16-ноябрынан 5-декабрына чейин үч жумалык профессионалдык-базалык практикадан өтүшөт.

​Бул убакыт аралыгында магистранттар аймактагы алдыңкы мектептерде, билим берүү мекемелеринде жана университеттин колледжинде өз кесиптик багыттары боюнча илимий-педагогикалык көндүмдөрүн бекемдешет. Практиканын жогорку деңгээлде уюштурулушун жана жетекчиликти кафедранын тажрыйбалуу о доценттери Б. Ж. Жээнбекова, Г. И. Жусупбаева, А. Д. Эгембердиева Н. Б. Арстанбекова жана улук окутуучу М.Э.Саканкуловалар жүзөгө ашырышат.

​Практиканын алдында илимий жетекчилер магистрлерге практиканын жол картасы, практиканын жүрүшү боюнча кеңири түшүнүк берип, студенттер арасында кызуу суроо-жооп жана талкуулар болду. Ошондой эле бардык студенттер белгиленген тартипте медициналык кароодон өтүп, техникалык коопсуздук эрежелери менен толук тааныштырылды.