1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

8

Адаптациялык-педагогикалык практикага жиберүү конференциясы.

Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун Табигый-илимий билим берүү кафедрасынын 550100-Табигый-илимий билим берүү багытынын «Биология» профилинин сырттан окуу бөлүмүнүн Бс-1-24 жана Бс-2-24 тайпаларынын студенттери үчүн адаптациялык-педагогикалык практикага жөнөтүү конференциясы уюштурулду.

​Окуу процессинин графигине ылайык, студенттер 2026-жылдын 16-ноябрынан 28-ноябрына чейин эки жумалык адаптациялык-педагогикалык практикадан өтүүсүн белгилеп өттү. Бул убакыт аралыгында студенттер аймактагы алдыңкы мектептерде жана билим берүү мекемелеринде өздөрүнүн теориялык билимдерин практикада бекемдеп, кесиптик көндүмдөрүн өркүндөтүшөт. Адаптациялык-педагогикалык практиканын жетекчилери катары кафедранын доценттери Б. Ж. Жээнбекова жана А. Д. Эгембердиевалар студенттерге практиканын жол картасы, практика учурунда аткарылуучу иштер жана коопсуздук эрежелери менен толук тааныштырды. Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер арасында отчет, күндөлүк жана план-конспект жазуу боюнча кызуу суроо-жооптор болуп, алардын бардык суроолоруна тиешелүү жооптор берилди.