1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

5

Илим – келечектин негизи

2026-жылдын 13-ноябрында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун Табигый-илимий билим берүү кафедрасында маанилүү Илим айлыгынын алкагында магистранттардын жана жаш изилдөөчүлөрдүн илимий-изилдөө компетенттүүлүгүн өркүндөтүү, илимий макалаларды, илимий иштерди жана долбоорлорду жазуунун заманбап талаптары, методологиясы жана академиялык эрежелери менен тааныштыруу максатында тегерек стол уюштурулду.

​Иш-чаранын жүрүшүндө төмөндөгүдөй актуалдуу илимий баяндамалар жасалды:

​Эгембердиева А.Д. б.и.к., доцент — «Илимий макалаларды жазуунун эрежелери»;

​Арстанбекова Н.Б. п.и.к., доцент — «Илимий иштерди жазуунун эрежелери»;

​Жусупбаева Г.И. б.и.к., доцент — «Илимий долбоорлорду жазуунун заманбап ыкмалары».

​Иш-чаранын катышуучулары үчүн абдан маанилүү болуп, алардын практикалык көндүмдөрүн калыптандырууга чоң салым кошту. Жолугушуу соңунда кызуу суроо-жооптор жана талкуулар орун алып, катышуучулар өздөрү кызыккан суроолорго жооп алышты. Кафедра башчысы, доцент Б. Жээнбекова тегерек стол өз максатына толук жеткенин баса белгиледи.

​«Илимге умтулуу – келечекке кадам!» ураандары алдында өткөн бул мазмундуу жолугушуу жаш илимпоздордун келечектеги изилдөөлөрүнө чоң түрткү берип, илимий чөйрөнү өнүктүрүүдө маанилүү кадамдардын бири болуп калды дейт илимий иштер боюнча жоопту Камчыбекова Кенже.