1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

8

КЫРГЫЗ АССРинин ТҮЗҮЛГӨНДҮГҮНӨ 100 ЖЫЛ

2026-жылдын 17-ноябрь күнү Б-1-23 тобунда куратор Болотова Алтынайдын жетекчилиги алдында «АССРдин түзүлгөндүгүнө 100 жыл» аттуу темада куратордук саат өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер АССРдин түзүлүү тарыхы, анын тарыхый мааниси жана коомдун өнүгүшүндөгү орду тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле тарыхый мурастарды сактоо, улуттук баалуулуктарды урматтоо жана мекенчилдик сезимди калыптандыруу боюнча пикир алышуу болду.

Куратордук саат кызыктуу жана мазмундуу өтүп, студенттердин тарыхка болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түздү.

Тарыхыбызды унутпайлы, мурасыбызды урматтайлы, келечекке ишенимдүү кадам таштайлы!