Адаптациялык-педагогикалык практиканын жыйынтыгы
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин чет (немец) тили адистигинин НТ-1-22 тайпасынын студенттери Жалал-Абад шаардык №2 К.Закиров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектепте эки жумалык адаптациялык-педагогикалык практикасын өтөп келишти. Аталган практика боюнча немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасында жыйынтыктоочу конференция болуп өттү. Бул иш чарага карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн өкүлү Н.С.Жолдошалиева, немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын башчысы Н.К.Бекиева жана кафедранын окутуучулар жамааты катышты. Конференцияда студенттердин жүргүзүп келген иштеринин жыйынтык отчеттору угулду. Жыйынтыгында практика жетекчилери жана студенттер практика учурунда жетишкен ийгиликтерин, кетирген кемчиликтерин, жаралган кыйынчылыктарын айтып беришип, студенттер слайддарын, видеолорун көрсөтүшүп жана презентацияларын жасап отчет беришти. Студенттер суроолоруна тиешелүү жоопторду алышты.