1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

22

Германиялык делегаттардын катышуусунда илимий-методикалык конок лекциясы

2026-жылдын 23-сентябрында Немец тили жана факультеттер аралык чет тилдер кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы үчүн Германиядан келген өнөктөштөрдүн катышуусунда илимий-методикалык конок лекциясы өткөрүлдү. Иш-чарага «Fav Service GmbH» уюмунун жетекчиси, профессор Хайко Шюлер жана эл аралык программанын жетекчиси, профессор Денис Невинский катышты. Кафедранын жаш окутуучулары конокторду кыргыздын улуттук каада-салтына ылайык нан, сары май жана бал менен жылуу тосуп алышты.Лекцияда Duale Ausbildung дуалдык окутуу модели, европалык билим берүү стандарттары жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жолдору тууралуу маалымат берилди. Жолугушуу «суроо-жооп» форматында уланып, профессор Б. Е. Дарбанов да сөз сүйлөп, конокторго жылуу каалоо-тилектерин билдирди.Иш-чаранын соңунда ардактуу конокторго улуттук оймо-чиймелер түшүрүлгөн эстелик белектер тапшырылды. Мындай жолугушуулар тажрыйба алмашууга жана университеттин эл аралык байланыштарын чыңдоого өбөлгө түзөт.