1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

25

Германиядан келген делегаттардын студенттер менен жолугушуусу

2026-жылдын 23-сентябрында студенттик илимий ийримдин алкагында Германиядан келген делегаттар менен студенттердин жолугушуусу болуп өттү.Жолугушууга «Fav Service GmbH» уюмунун жетекчиси, профессор Хайко Шулер жана эл аралык программанын жетекчиси, профессор Денис Невинский катышты. Коноктор студенттерге «Azubi für Thüringen» долбоору, Германиядагы дуалдык билим берүү системасы жана студенттер үчүн билим алуу жана эл аралык тажрыйба топтоо мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришти. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер коноктор менен пикир алышып, өздөрүнүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Жолугушуу студенттердин немис тилин үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттырып, эл аралык билим берүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу түшүнүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түздү.