1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

25

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология институтунун  Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата маданий иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары мааниси, эне тилди урматтоо, улуттук баалуулуктарды сактоо жана жаштар арасында тилге болгон кызыгууну арттыруу максатында мазмундуу чыгармалар тартууланды. Студенттер тарабынан көркөм окуулар, музыкалык чыгармалар, улуттук каада-салттарды чагылдырган сахналык көрүнүштөр жана чыгармачылык номерлер көрсөтүлдү. Иш-чара студенттердин эне тилге болгон урмат-сыйын арттырууга, улуттук маданиятты таанытууга жана мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталды.