1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

35

Германия тили мугалимдеринин IV Борбордук Азия форумуна катышуу

2026-жылдын 25–26-сентябрында Алматы шаарындагы Казак улуттук кыздар педагогикалык университетинин «Борбордук Азиядагы немис тили: билим берүү, инновациялар жана кызматташтык» аттуу Германия тили мугалимдеринин IV Борбордук Азия форуму болуп өттү.Аталган форумга Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Филология институтунун Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын улук окутуучусу Бекиева Нуркан Калмаматовна катышты.Форумдун жүрүшүндө немис тилин окутуунун заманбап усулдары, санариптик технологияларды билим берүү процессинде натыйжалуу колдонуу, жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн билим берүү тармагына интеграциялоо, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашуу маселелери кеңири талкууланды.Мындан тышкары, 2026–2030-жылдарга карата Борбордук Азияда немис тилин өнүктүрүү боюнча «Жол картасы» каралып, аймактагы немис тилин окутуунун келечеги жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикирлер айтылды.Форумга катышуу Бекиева Н.К. үчүн кесиптик тажрыйба алмашууга, немис тилин окутуунун жаңы усулдары жана заманбап билим берүү технологиялары менен таанышууга, ошондой эле эл аралык кесиптик байланыштарды кеңейтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түздү.Мындай иш-чараларга активдүү катышуу окутуучулардын кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга жана Филология институтунда чет тилдерди окутуунун сапатын өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт.