1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

43

Билим күнүнө карата куратордук сааттар өткөрүлдү

Билим күнүнө карата Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология институтунда  НТ-1-26, НТ-1-25 жана НТ-1-24 тайпаларында куратордук сааттар өткөрүлдү. Куратордук сааттар Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына, кыргыз элинин улуу мурасы болгон «Манас» эпосуна жана «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолуна арналды. Иш-чарада Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы, «Манас» эпосунун улуттук тарыхтагы жана аң-сезимдеги орду тууралу маалыматтар берилип, улуттук нарк, эне тил, мекенчилдик, биримдик, улууну урматтоо жана салт-санааны сактообаалуулуктары талкууланды. Студенттер өз ойлорун бөлүшүп, билим алуунун, мекенге кызмат кылуунун жана улуттук баалуулуктарды кийинки муунга өткөрүп берүүнүн маанилүүлүгү тууралуу пикир алышты. Куратордук сааттар жаштардын улуттук аң-сезимин жана мекенчилдик сезимин калыптандырууга, руханий баалуулуктарды урматтоого жана билимге болгон кызыгуусун арттырууга багытталды,урматтоого жана билимге болгон кызыгуусун жогорулатууга багытталды.