1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 день назад

19

Конференцияда тажрыйба алмашуу жана илимий ийгилик

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинде Кыргызстандын көрүнүктүү педагогу, окумуштуу, профессор Эгемберди Уметовдун 90 жылдык мааракесине арналган «Жогорку билим берүүнүн педагогикасы жана илим туруктуу өнүгүүнүн контекстинде: транспаренттүү билим берүүнүн салттары, инновациялары жана глобалдык чакырыктары» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция жогорку деңгээлде өткөрүлдү.  Аталган конференцияга Филология институтунун немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын окутуучулары активдүү катышып, өздөрүнүн илимий баяндамаларын сунуштап, тажрыйба алмашууга чоң салым кошушту.                  Кафедранын окутуучулары төмөнкү темаларда мазмундуу макалаларды окушту.

- ф.и.к., доц.м.а. Асылбекова Ч.А. — «Кыргыз жана немис лингвомаданияттарындагы маданияттар аралык коммуникациянын вербалдык аспектилери»

- окутуучу Тургунбаева Н.— «Математика сабагын окутууда предметтер аралык байланышты өркүндөтүүнүн методикасы»

- улуу окутуучу Эсенова А.Г. — «Зоонимдердин антропонимдер катарына өтүүсүнүн лексико-семантикалык талдоосу»

- улуу окутуучу Бекиева Н.К. — «Паравербалдык каражаттар»

Окутуучулардын макалалары  конференциянын катышуучулары тарабынан жогору бааланып, илимий талкууларда өзгөчө кызыгуу жаратты. Конференциянын жыйынтыгында катышуучуларга активдүү катышкандыгы жана илимий баяндамалары үчүн сертификаттар ыйгарылды. Бул жетишкендик кафедранын илимий потенциалынын жогорку деңгээлин дагы бир жолу тастыктап, эл аралык илимий кызматташууну өнүктүрүүгө өбөлгө түздү. Мындай иш-чаралар окутуучулардын кесиптик өнүгүүсүнө, жаңы илимий идеялардын жаралышына жана заманбап билим берүү тенденцияларын өздөштүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк берет.