1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

10 месяцев назад

132

Кош кел, Нооруз!

26-март күнү Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын улуу окутуучулары Ч. К. Абдыкалыкова, Н. Тургунбаева ЛДк-Фарм-2-23 тайпасы менен "Wellcome Nooruz" аталыштагы майрамдык кече өткөрүштү. Кеченин максаты: студенттерди англис тилине болгон кызыгуусун өркүндөтүү, улуттук майрамды англис тилинде да айтып, үйрөнүү. Майрамдык кечеде ыр, бий Нооруз ритуалдары, символикалары жөнүндө кеңири маалыматтар берилди. Кечеге ФФнын деканы, ф. и. к. Ч. А. Асылбекова баштаган жамаат катышып, иш-чара жогорку денгээлде өткөнүн баса белгилеп, студенттер "Мактоо баракчалар" менен сыйланышты. Студенттерге билим берүүдө англис тилине кызыктырып, турдүү иш-чараларды өткөрүп, өз салымдарын кошуп келишкендиги үчүн МФнын деканы б.и.д., профессор З. И. Сакбаева жогорудагы улуу окутуучуларга "АЛКЫШ" жарыялады.