1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

39

Кыргызстан ШОСтун негиздөөчү мамлекеттеринин бири.

20-майда НТ-1-24 тайпасынын куратору Б.Ү.Молдобаева студенттерге ШКУнун максаттары, негизги багыттары жана Кыргызстандын уюмдагы ролу жөнүндө кеңири маалымат берди.Тарбиялык сааттын жүрүшүндө суроо жооптор болду. Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) — аймактык коопсуздукту, экономикалык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган эл аралык уюм. Уюм 2001-жылдын 15-июнунда Шанхай шаарында негизделген. Алгач уюмга Кыргызстан, Кытай, Россия, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө болуп кирген. Кийинчерээк Индия, Пакистан, Иран жана Беларусь кошулуп, уюмдун курамы кеңейген. ШОСтун негизги максаты — мүчө мамлекеттердин ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо, терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге каршы биргелешип күрөшүү, ошондой эле соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат. Уюм азыркы учурда дүйнөдөгү эң ири эл аралык бирикмелердин бири катары бааланып келет. Кыргызстан ШОСтун негиздөөчү мамлекеттеринин бири болуп эсептелет.