1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

43

«Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) жаралуу тарыхы, эволюциясы жана эл аралык мамилелердин заманбап тутумундагы орду»

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Филология институтунда немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасында КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маалымдоо катынын алкагында маанилүү иш-чара уюштурулду. Немец тили адистигинин Нт-1-22 жана Нт-1-25 тайпаларынын кураторлору — улук окутуучулары А. Эсенова жана Н. Бекиева тарабынан «Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) жаралуу тарыхы, эволюциясы жана эл аралык мамилелердин заманбап тутумундагы орду» деген темада илимий-практикалык дискуссия өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаттары: студенттерге 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган ШКУнун кезектеги Саммитинин маанисин жана уюмдун негизги максаттарын түшүндүрүү. Студенттердин эл аралык мамилелер, геосаясат, регионалдык коопсуздук жана экономикалык интеграция боюнча аналитикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү. Жаштарды мекенчилдикке, коңшу өлкөлөрдүн маданиятына сый-урмат менен мамиле кылууга жана өлкөнүн эл аралык аброюн көтөрүүгө салым кошууга үндөө. Талкуунун жүрүшүндө студенттер уюмдун «Шанхай бешилтигинен» башталган тарыхы , «Шанхай руху» принциптери жана Кыргызстандын уюмдагы орду тууралуу терең маалымат алышты. Айрыкча, 2026-жылы өтүүчү Саммит өлкөбүздүн эл аралык кадыр-баркын жана инвестициялык потенциалын арттырууга чоң шарт түзөрү баса белгиленди. Мындай интерактивдүү формат студенттердин интеллектуалдык деңгээлин жана коомдук-академиялык активдүүлүгүн арттырууга чоң өбөлгө түздү.