1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

38

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Филология институтунда актуалдуу илимий семинар болуп өттү

2026-жылдын 13-майында Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Филология институтунун немец тили жана факультеттер аралык чет тилдер кафедрасынын уюштуруусунда институттук деңгээлдеги кезектеги илимий семинар болуп өттү. Иш-чарага Филология институтунун директору, ф.и.к., доценттин м.а. Асылбекова Ч.А., директордун илимий иштер боюнча орун басары, англис тили жана адабияты кафедрасынын доценти, ф.и.к. Орозбаева Г.А., кафедра башчылары, институттун профессордук-окутуучулук курамы, аспиранттар жана магистранттар катышты. Семинардын максаты – окутуучуларды Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын (ЖАК) ченемдик-укуктук актыларындагы акыркы өзгөрүүлөр менен тааныштыруу, илимий макалаларды жарыялоо сапатын жогорулатуу жана заманбап тил илиминдеги жаңы багыттар боюнча тажрыйба алмашуу болду. Иш-чаранын жүрүшүндө негизги баяндамачы, маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын профессору, ф.и.д., профессор Дарбанов Б.Е. эки актуалдуу тема боюнча баяндама жасады. Биринчи бөлүмдө ЖАКтын жаңы жобосунун өзгөчөлүктөрү, илимий даражаларды алууга талапкерлерге коюлган жаңы талаптар жана диссертациялык иштерди коргоо тартиби боюнча деталдуу маалымат берилди. Экинчи бөлүмдө заманбап лингвистиканын өнүгүү тенденциялары, антропоцентристтик парадигма жана когнитивдик лингвистиканын маанилүүлүгү талкууланды. Талкуу жана суроо-жооп бөлүмүндө катышуучулар жана кафедра башчылары тарабынан кызуу суроолор берилди. Өзгөчө илимий макалаларды эл аралык Scopus жана РИНЦ базаларына жайгаштыруунун жол-жоболору, плагиаттык текшерүү тартиби жана изилдөө методологиясы боюнча кеңири пикир алмашуу орун алды. Профессор Дарбанов Б.Е. катышуучулардын суроолоруна илимий негиздеги так жоопторду берип, практикалык сунуштарын ортого салды. Семинардын соңунда Филология институтунун директору Асылбекова Ч.А. сөз сүйлөп, иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын белгиледи. Ал мазмундуу жана актуалдуу баяндамасы үчүн профессор Дарбанов Б.Е.ге институттун жамаатынын атынан терең ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, мындай семинарлар окутуучулардын жана жаш окумуштуулардын илимий потенциалын көтөрүүдө маанилүү экендигин баса белгилеп, катышуучулардын мындан аркы илимий иштерине ийгиликтерди каалады.