1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

53

“Өткөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт!”

Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын нт-1-25 тайпасы тарабынан Улуу Жеңиштин 81 жылдыгына карата “Өткөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт!” аттуу тарбиялык саат өткөрүлдү. Тарбиялык саатты Абдыллаева Т.К. өттүп, студенттер согуш жылдарындагы каармандыкты жана тынчтыктын баалуулугун даңазалаган мазмундуу сабак болду . Иш-чаранын жүрүшүндө Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон баатырларды эскерүү ырлары жаңырып, таасирдүү каалоо-тилектер айтылды. Ошондой эле студенттер тарабынан согуш мезгилиндеги көрүнүштөр сахналаштырылды. Тарбиялык сааттын негизги максаты — жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоо, тарыхты унутпоого чакыруу жана ардагерлердин эрдигин даңазалоо болду.