1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

58

И.В. фон Гёте жана У. Шекспирдин чыгармачылыгына арналган илимий иш-чара өткөрүлдү

2026-жылдын 30-апрелинде Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Немис тили жана факультеттер аралык чет тилдер кафедрасында “Wir sprechen die Sprache von Goethe” (Биз Гётенин тилинде сүйлөйбүз) жана “Talking Club” (Баарлашуу) ийримдеринин алкагында улуу ойчул Иоганн Вольфганг фон Гёте жана дүйнөлүк классик, улуу драматург Уильям Шекспир арналган илимий иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп өткөрүлдү. Иш-чарага Филология институтунун илимий иштер боюнча дирек-торунун орун басары, доцент, ф.и.к. Орозбаева Г.А., кафедра башчысы Эсенова А.Г., профессордук-окутуучулук курамы, ийрим жетекчилери Бекиева Н., Тургунбаева Н., кафедранын илимий иштери боюнча жооптуу Досиева Д. жана студенттер катышышты. Иш-чаранын негизги максаты студенттердин дүйнөлүк классикалык адабиятка болгон кызыгуусун арттыруу, Гёте жана Шекспирдин чыгармалары аркылуу чет тилдерди үйрөнүүгө шыктандыруу, ошондой эле студенттердин ой жүгүртүү, сүйлөө жана баяндама жасоо көндүмдөрүн өнүктүрүү болду. Иш-чараны кафедранын илимий иштери боюнча жооптуу Досиева Д. алып барып, алгач сөздү кафедра башчысы Эсенова А.Г.га берди. Ал өз сөзүндө эки залкар инсандын дүйнөлүк адабияттагы орду жана алардын чыгармаларынын тарбиялык жана көркөмдүк баалуулугу тууралуу кеңири токтолду. Андан соң “Talking Club” ийриминин жетекчиси Тургунбаева Н. студенттердин илимий-чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү жана чет тилдерди терең өздөштүрүүдөгү мындай иш-чаралардын маанисин белгиледи. Аталган иш-чара кафедрада иш алып барган эки ийримдин биргелешкен демилгеси менен уюштурулуп, алардын жетекчилери Бекиева Н. жана Тургунбаева Н. студенттер менен тыгыз иш алып барып, алардын тил үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттырууда жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүдө өзгөчө салым кошуп келишери белгиленди. Тегерек столдун алкагында студенттер Гёте менен Шекспирдин чыгармаларынан үзүндүлөрдү окуп, алардын философиялык көз караштары тууралуу баяндамаларды жасашты. Ошондой эле алардын өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча докладдар, презентациялар сунушталып, интеллектуалдык оюндар жана диалогдор аткарылды. Программанын жүрүшүндө блиц-суроолор берилип, студенттер өздөрүнүн активдүүлүгүн жана билим деңгээлин көрсөтүштү. Өзгөчө “Ромео жана Джульетта” чыгармасынан алынган видеофрагмент иш-чарага көрк кошту. Бул сахналаштырылган видео Рял-1-25 жана Т-1-25 тайпаларынын студенттери тарабынан өз алдынча даярдалып, табият койнунда тартылган. Башкы Ромеонун ролун аткарган студент Т-1-25 тайпасынын студенти Календеров Б. жана РЯЛ-1-25 тайпасынын студенти Суйунбекова Б. образга киришип, англис тилинде сүйлөө чеберчилигин жана актёрдук жөндөмдөрүн жогорку деңгээлде көрсөтө алышты. Иш-чаранын алып баруучусу РЯЛ-1-25 тайпасынын студенти Базарбаева Апал болуп, тегерек стол жандуу жана кызыктуу өттү. Жыйынтыгында активдүү катышкан студенттерге грамоталар тапшырылып, иш-чара жогорку деңгээлде жыйынтыкталды. Бул иш-чара студенттердин чет тилдерге жана дүйнөлүк адабиятка болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түздү.